Дүйнөлүк эксперттердин иликтөөсүнө таянсак, айына сойкулукта 7-10 млн долларга чейин акча айланып турат экен.
"Сойкулукту кесип кылган жигиттер жана коомдогу жат көрүнүштөр" аттуу макала "Кабар Ордо" сайтына чыгып коомчулукта талкуу болгон эле. Ошол макалага улай эле учурда Кыргызстанда гүлдөп, өнүгүп жаткан сойкулукка каршы кандай күрөш болуп жаткандыгы тууралуу Бишкек ШИИББнин Адамдарды соодалоо жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар менен күрөшүү боюнча бөлүмдүн башчысы милициянын полковниги Саламат Адылов менен маектештик. Саламат мырзанын айтымында, коомубуз коркунучка кептелип, мугалим, окуучу кыздардан бери сойкулукка бериле баштаганын жашырбады.
Дүйнөлүк эксперттердин иликтөөсүнө таянсак, айына сойкулукта 7-10 млн долларга чейин акча айланып турат экен.
- Бул бөлүмдүн ачылган максаты эмне, байыркы кесипти аркалагандарды биротоло жок кылуубу же кыздарды туура жолго салуубу?
- Чындыгында сойкулукту түп орду менен жок кылуу мүмкүн эмес. Тилекке каршы анын артынан кылмыштуулук көп катталып жатат. Бир эле жылда 14-26 жаштардагы кыргызстандык 641 кыз жоголгондуктан ата-энелери арыз менен кайрылган. Булардын көбү сойкулардын арасынан табылган. Алардын кээси Бишкекте, Түркияда, Эмиратта сойку болуп иштешкен. Негизи дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда курал-жарак сатуу, экинчиси баңгизат сатуу, ал эми үчүнчүсү адамдарды кулчулукка сатуу турат. Булардын ичинен эң кирешелүүсү аялдарды сексуалдык кулчулукка сатуу болуп саналат.
- Сексуалдык кулчулукка сатылган кыздар кимдер аркылуу кетишет, тааныштар аркылуубу же фирмалар аркылуубу?
- Негизи фирмалар аркылуу аз кетишет. Сойкулардын телефонун ачып карасак Түркия, Эмират, Орусия, Испания, Кытай, Индия, Кореяга кызмат сунуштайбыз деген СМСтер көп. Ал жакка кеткендердин 80%ы секс кызмат көрсөткөндөр. Алардын ата-энелери кыздары каякта экенин билбей ыйлап келишет. Мисалы, биз жакында эле Түркияга кетип жаткан кыздарды кармадык. Арасында бир кыз ата-энесинен качып жүргөнүнө үч ай болуптур. Бүгүнкү күндө биздин кыздар чет өлкөгө барат да ал жактан документтерин алдырып коет, тыңыраак кыздар сутенер сураган 5-7 миң долларды иштеп таап берип коюп, документин алат да өздөрү үчүн иштешет. Жоошураагын баңгизатка отургузат, ал кызды ошол жактын милициясына салып беришет да биротоло өздөрүнө иштетип калышат. Биздин кыргыз кыздар ал жактан быякка келе албай наркоман болуп суицидге барышат экен. Атүгүл кээ бир кыздарды өлтүрүп органдарын саткан учурлар тууралуу маалыматтарды алдык. Дагы бир көйгөй – Кыргызстан бүгүнкү күндө ВИЧ инфекциясы боюнча өнүгүп, көбөйүп жаткан дүйнө жүзүндөгү жети өлкөнүн бири болуп саналат. Сойкуларды алып келип республикалык венерологиялык борборго текшерткенде 65-70% кыздардан ВИЧ инфекциясы чыккан. Алардын ичинен 20-30 % сифилис, көбү өзүнүн оорусу бар экенин билишпейт. Көрсө алар кардар кошумча акча төлөп берсе эч кандай презервативсиз эле кызмат көрсөтүшчү экен. Сойкуларды жалдаган эркектерди да кармап, текшергенде сифилис чыкты. Ал эркектердин үй-бүлөсү, бала-чакасы, атүгүл эмчектеги балдары да бар экен. Жашы жетелек 9-10-класста окуган 14-15 жаштагы кыздар кармалды. Алар мектептен чыккандан кийин эркектерди тейлеп акча табышат. Алардын ата-энеси эртеден-кечке жумушта, кыздары эмне менен алектенип жатышаканын көзөмөлдөбөйт. Алардын спектр кызматы өтө жийиркеничтүү. Аны айтканга да ооз барбайт. Арасында байдын, чиновниктин, кедей үй-бүлөдөн чыккан кыздар бар. Секс кызмат көрсөткөн кафелер да бар. Сойкуларды кафенин ээси эркектерге ошол жерден жолуктурушат. Бишкектеги студент кыздар сессияга, жашаган батирге, кийингенге, кымбат соткага, жол киресине, тамак-ашына акча табуу үчүн бул жактан сойкулук кылсак көрүнүп калабыз деп чочулап, төртүнчү күндөн дем алышка чейин Алматыга кетишет да, ал жактан секс кызмат көрсөтүп кайра келишет экен.
- Мындан15-20 жыл мурун иштеген сойкулар менен азыркылардын айырмасы барбы?
- Айырмасы бар. Мурун сойкулар азыркыларга караганда маданияттуураак болгон. Агезде жашынып, көрүнбөй иштечү, азыр болсо ачык эле көчөгө чыгып калышты, уялып да коюшпайт. Бизде сойкуларга каршы административдик, кылмыш кодекси да жок. Азыр болгону уюштуруучуларды, сойкукана кармагандарды, "мамашаларын" гана кылмыш жоопкерчилигине тартууга укуктуубуз. Мисалы, акыркы жолу бир сойкукана кармасак ал жерде жашы жетелек кызды анын апасынын курбусу сойку кылып иштетип жатыптыр. Апасы курбусуна ишенип кызын берип койгон, аны энеси билбейт. Дагы бирөө баласынын аялын сойку кылып иштетип жүргөнүнө күбө болдук. Балам билбейт дейт. Бул эми жашоо, турмуш экен да деп кутулду. Кыздардын мындай кылыгы ата-энесине, туугандарына айтылбай калат. Себеби, ал кыздар биздин абийирибизди ачсаңар асылып же машинеге тебеленип өлөбүз деп догурунушат. Биз акимияттан өкүлдөрдү чакырып ошолордун көзүнчө сурак жүргүзөбүз.
- Сойкуканалардын көпчүлүгүн милиция кызматкерлери "крышовать" этип, өздөрүнүн үлүшүн алып турушат деген маалыматтар бар?
- Андай фактылар деле болуп калат. Андай милиционерлер кармалып, кызматтан кеткен учурлар болгон. Кыздар алардын үстүнөн арыз жазгандан коркушат. Анткени кыздар булганган жеңил акчага көнүп калышкан. Акчадан кыйналган кыздарды бир-эки күн иштеп акча таап анан кетип каласың деп азгырышат. Алар бир-эки күн иштеп кетем дейт да ошол боюнча калып калгандар бар.
- Сойкулар күнүнө канча акча табышат экен?
- Орто эсеп менен 1000 сомдон өйдө, эң жогоркусу ар кандай кызматтары менен саатына 7000-8000 сомго чейин барат. Ал эми окуучу кыздар саатына 4000 сомдон алышчу экен. Аларды профилактикадан өткөрүп психологиялык, юридикалык, медициналык кызматтарды көргөзөбүз. Атүгүл аларга үч-беш айлык курс өткөрүп, чач тарач, маникюр, педикюрду окутуп, жумушка киргизип жардам беребиз.
- Бизде кыздардын эле эмес, эркектердин да секс кызматы бар экен.
- 18-25 жаштардагы жаш жигиттер сексуалдык кызмат көрсөтүшөт экен. Көбүнчөсү студенттер. Бишкектеги массаж жасоочу салондогу жигит секс кызмат көрсөткөнү тууралуу маалымат алдык. Күйөөсү бар аялга массаж жасаган жигит секс кызмат көрсөтүп, кийин ал аялды күйөөңө айтып коем деп шантаж кылыптыр. Эркектерди эркектер чакырган, атүгүл үй-бүлөлүк интим кызматына чакыргандар болот экен. Ошондуктан бүгүнкү күндө биздин генофонд бузулуп баратат. Ушундай кызмат көрсөткөн аялдарды өлтүргөндөр бар. Өткөндө жашы жете элек сойкуну өлтүрүп мүчөсүн жиликтеп, таштандыга ыргытып кеткен сөөгү табылган. Бул кыз ага чейин рейддерде милицияга түшкөн, анын аты-жөнү, кол тамгасы катталган. Биз кармалган кыздарды каттоого алып коебуз, себеби, ата-энелери издегенде картотеканы ачып эле билебиз. Буларды түп тамырынан бери жок кылуу мүмкүн эмес. Бир чети сойкулук жоголсо зордуктоолор, андан башка оор кылмыштар да көбөйүп кетиши ыктымал. Жок дегенде сойкуларга профилактика өткөрүп, сактангыла, оору жуктуруп албагыла деген кеңеш айтабыз.
- Сойкулар жалаң эле ушул кесипти аркалашабы же башка жакта да иштегендери бар бекен?
- Мектепте күндүз балдарга сабак берип, кечинде сойку болуп иштеген мугалим келиндер кармалды. Андан тышкары милицияда, прокуратурада иштеп кеткен келиндер да бар экен. Жалаң эле сойкулук менен жан баккандар көп. Ата-энелери абдан чоң кызматта иштеген байдын кыздары кармалышты. Силерге эмне жетпейт деп сурасак ата-энебиз биз каалаган сумманы бербейт, мен өзүм акча табалам дешет. Кийин кантип турмушка чыгасыңар десек, мен сулуумун, кимге кааласам ошого турмушка чыгып кете берем дешет. Кээ бирөөлөр конвейердей эле тынымсыз иштешет. Мисалы, Ош базарынын тегерегиндеги притондо бир сойку күнүнө минимум 10, максимум 30 эркекке кызмат көрсөтөт экен. Эртеңки күнү ушундай аялдардын ден-соолугу, психологиясы кандай болот, булардан кандай эне чыгат?
- Келечекте сойкулукту кыскартуу үчүн дагы кандай пландар бар?
- Жакында сойкулукка каршы жакшы мыйзам чыкты. Сойкулукту уюштургандарды беш жылга чейин эркинен ажыратып, 500 миң сом административдик айып салынат. Сойку кыздарга административдик айып же сөзсүз түрдө медициналык кароодон өтүү боюнча мыйзам чыгарыш керек. Себеби, быякка келген кыздарды медициналык кароодон өткөрөлү десек коомдук фонддор адам укугун бузуп жатасыңар деп каршы чыгышат. Алар сойкуларга аялдын жана эркектердин презервативдерин бекер таратып, медициналык кароодон өткөрүшөт экен. Бул бөлүм ачылгандан бери Бишкектен он жети сойкукана кармалды. Анын ичинен 26 кишинин иши иликтөөдө, 12 кылмыш иши сотко өттү. Эми жаңы мыйзам боюнча алардын саны азаят болушу керек.
- Расмий эмес маалыматтарга караганда жылына Кыргызстандан төрт миңден ашуун кыз сойкулук боюнча кулчулукка чет өлкөгө кетет экен.
- Биз аэропортко барып күнүгө чет өлкөгө кеткен кыздарды көрдүк. Аэропорттон каякка, эмне себептен кетип жатканы тууралуу так маалымат жок. Мисалы, бирөөлөр Эмираттагы бир шейхтин гаремине башбакса сексенге жакын кыз бар экен. Ошолордун арасынан 30дан ашыгы кыргызстандыктар дейт. Ал кыздар биз өлгөн жокпуз барбыз деп ата-энебизге айтып койгулачы деп ыйлашыптыр. Аяктагылардын башы он жыл, аягы эки-үч жылдан бери гаремде сексуалдык кул болуп чыгалбай жатышыптыр. Биздин маалымат боюнча Бишкекте 4 миңге жакын сойку бар. Бул кыздардын көбүнүн жигиттери, күйөөлөрү бар. Күйөөсүн, жигитин алдап түнкүсүн же күндүз чыгып иштешет. Жайкысын Бишкектеги сойкулар Ысык-Көлгө барып иштешет. Сойкулардын арасында мурда хиджаб кийип жүрүп, кийин аны чечип салгандар да бар.
- Муну легалдаштырсак кандай болот, балким аягы кыскарабы?
- Биринчиден, биздин динибиз мусулман. Аны деле ойлонуп көрдүк. Атүгүл быякка келген кыздарга легалдаштыралы, патент алып иштейсиңби десек баары каршы. Алар эки-үч ай иштеп акча таап анан таштайбыз, патент алсак өмүр бою архивде калат, мен турмушка чыгышым керек дешет. Эгер аны легалдаштырсак бул жакта коррупция күч алат. Салык кызматы кана патентиң деп жең ичинен сүйлөшүүгө өтүшөт. Сойкулукту легалдаштырган мамлекеттер сырттан келгендерге уруксат беришет да, өзүнүн жарандарына уруксат берилбейт. Сойкулук десе көпчүлүгү үстүртөн эле билишет, ал эми ичинде терең, чоң коркунуч бар экенин билишпейт. Өнүккөн өлкөдө справка сурашат. А биздин кардарлар сойкудан справка сурашпайт. Акырында бой жеткен кыздары бар ата-энелерге айтаарым, кызыңардын эмне менен алектенип жатканын көзөмөлдөп турсаңар экен.