КАБЫЛ АЛУУ ʏЧʏН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:
Ош МЮИ Кыргызстандын тʏштʏгʏндɵгʏ жалгыз адистешкен юридикалык жогорку окуу жай. Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензиялардын негизинде:
• «Юриспруденция», бакалавр академиялык даражасы (№ LD 170001024, тиркеме 1, 2);
• «Юриспруденция», магистр академиялык даражасы (№ D 2019-0012);
• «Соттук экспертиза» (№ LD 170001024, тиркеме 3);
• «Бажы иши» (№ LD 170001024 тиркеме 4, 5);
• «Укук таануу» (№ LC 160000059)
багыттары жана адистиктери боюнча кʏндʏзгʏ, сырттан жана дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу формаларында адистерди даярдайт.
Ош МЮИ 2017 – жылы кɵз карандысыз Билим берʏʏ программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан аккредитациялоодон ийгиликтʏʏ ɵттʏ Ал Ош МЮИдеги билим берʏʏнʏн сапаты аныкталган критерийлерге жана стандарттарга толук жооп берерин тастыктады жана эл аралык билим берʏʏ мейкиндигинде ишенимдʏʏ кадам таштоого ɵбɵлгɵ тʏздʏ.
Ош МЮИнин факультеттери жана бɵлʏмдɵрʏ
• Адвокатура, башкаруу жана укук факультети;
• Ишкердʏʏлʏк жана салык укугу факультети;
• Сырттан окуу юридикалык факультети (жогорку билимдин негизинде);
• Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу факультети;
Окуу жайда 6 илимдин докторлору жана 44 илимдин кандидаттары, профессорлор, доценттер, сот жана укук коргоо органдарында кɵп жыл иштеген практикалык бай тажрыйбага ээ адистер билим берʏʏдɵ.
Ош МЮИ мезгил талабына жооп берген 3 окуу имараттан турат. Заманбап каражаттар менен жабдылган мультимедиалык окуу борборлору, аудиториялары, лабораториялары, криминалистика полигону жана кабинети, сот залы, жабык спорттук зал жана 2 ачык спорттук аянты институттун ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ дал келет. Ош МЮИ студенттерди бардык шарттарга жооп берген жатакана менен камсыз кылат.
Окуу жайда «Кут ордо» мамлекеттик тил, «Кытай борбору», «Юридикалык клиника» ɵз ишин жигердʏʏ жʏргʏзʏʏдɵ. Ош МЮИнин алдында тʏзʏлгɵн юридикалык клиникада студенттер практикалык билимдерин жогорулатып, тажрыйбалуу юристердин жетекчилиги менен калкка акысыз укуктук жардам берʏʏ иштерин ʏзʏрлʏʏ жʏргʏзʏʏдɵ.
Ош МЮИде ар тʏрдʏʏ маданий, коомдук жана тарбиялык иш чаралар тынымсыз ɵткɵрʏлɵт. Студенттердин ɵз алдынча башкаруу уюму – Жаштар комитети иштейт. Студент жаштардын ар тараптуу калыптануусу ʏчʏн атайын тʏзʏлгɵн борборлор, дискуссиялык клубдар жана ден-соолукту чындоо максатында спорттун тʏрлɵрʏ боюнча машыгуу залдары иш алып барат. Ош МЮИнин студенттери окууда, коомдук-массалык иш-чараларда, спорттук мелдештерде алдыңкы жетишкендиктерди багындырып, Ош МЮИде билим алуу терең жана ар тараптуу экендигин далилдешти. Атап айтсак, 2018, 2019 - жылдардагы аймактык студенттик олимпиадада «Юриспруденция» багыты боюнча 1,2,3 орундарды биздин студенттер ээлешти. 2018-жылдагы Азия оюндарында Ош МЮИнин студенти Багынбай уулу Тɵрɵкан джу-джутси боюнча чемпион болуп, алгачкы алтын медалды Кыргызстандын капчыгына салды. 2022-жылы студенттик универсиядада Ош МЮИнин балдар командасы воллейбол боюнча 1-орунду ээлешти.
Эл аралык билим берʏʏ кызматташтыгы
ОшМЮНин алдыңкы студенттери Кытай элдик республикасында (Ланджо университети, Хекси университети), Казахстанда (Казак эмгек, социалдык башкаруу академиясында), Россия Федерациясында (Урал мамлекеттик юридикалык университети, Сибир федеративдик университети, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университеттеринде) тажрыйба алмашуудан ɵтʏшɵт.
Ош МЮИнин бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ иштɵɵчʏ тармактар
«Юриспруденция» багыты боюнча бʏтʏрʏʏчʏлɵр сот, прокуратура, ички иштер органдарында, мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде ж.б. укук коргоо органдарында, мамлекеттик мекемелерде, адвокатура, нотариатта, банктардын, жеке ишканалардын, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын юридикалык кызматтарында, о.э. ЖОЖдордо иштей алышат.
“Соттук экспертиза” адистигинин бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ эксперттик, техникалык - криминалистик, маалыматтык, уюштуруу-башкаруу, илимий-изилдɵɵ багыттары боюнча укук коргоо органдарында жана жеке уюмдарда иш алып барышат.
“Бажы иши” адистигинин бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ бажы органдарынды, мамлекеттик салык кызматында, мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде, ички иштер органдарында, чек ара кызматтарында, тышкы соода ишмердиги менен иш жʏргʏзгɵн ишканаларда, бажы чɵйрɵсʏндɵ ишкердик менен иш алып барган жеке уюмдарда иштей алышат.
«Укук таануу» адистигиндеги диплом юридикалык колледждин бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏнɵ берилет. Алар андан ары адистештирилген факультеттердин биринде окууну 2, 3-курстан улантууга же юридикалык мекемелерде ишмердʏʏлʏк жʏргʏзʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк алышат.
Кʏндʏзгʏ окуу формасы боюнча:
• «Юриспруденция», жогорку кесиптик бакалавр - 4 жыл;
• «Юриспруденция», жогорку кесиптик магистр – 2 жыл;
• «Соттук экспертиза», жогорку кесиптик адис - 5 жыл;
• «Бажы иши», жогорку кесиптик адис - 5 жыл;
• «Укук таануу», орто кесиптик адис:
9 - класстын билими менен 2 жыл 10 ай;
11- класстын билими менен – 1 жыл 10 ай.
Сырттан окуу формасы боюнча:
• «Юриспруденция», жогорку кесиптик бакалавр, дистанттык технологияларды колдонуу менен – 5 жыл;
• «Юриспруденция», жогорку кесиптик бакалавр, жогорку билим базасында- 3 жыл;
• «Юриспруденция», жогорку кесиптик магистр – 2 жыл 6 ай;
• «Бажы иши», жогорку кесиптик адис - 6 жыл;
• «Укук таануу» орто кесиптик адис 11- класстын билими менен – 2 жыл 6 ай.
Кабыл алынуучу документтер
1. Жалпы республикалык тесттин талону (11-класстын бʏткɵндɵр ʏчʏн);
2. Акыркы билими тууралуу документ:
Орто билим жɵнʏндɵ аттестат;
Юридикалык колледж ʏчʏн толук эмес орто билим жɵнʏндɵгʏ кʏбɵлʏк (9-кл.);
Жогорку же атайын орто кесиптик билими тууралуу диплом тиркемеси менен (тʏп нускасы);
4. 063-формасындагы медициналык маалым кат (9-кл. ʏчʏн);
5. 3x4 ɵлчɵмʏндɵгʏ 6 даана сʏрɵт;
6. Паспорт жана аскердик билет (кɵчʏрмɵсʏ).
Биздин дарек
Ош шаары, Раззаков кɵчɵсʏ 19.
Тел.: (03222) 8-40-24
Эл. почта: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Автоунаалардын каттамы: №113, 122, 109, 107, 145, 128
Болжол «Гʏлкайыр» эмерек дʏкɵнʏ
Жолдошбек Бɵтɵнɵев: “Басмачылар деген аталыш туура эмес”Кыргыз далай доордун бийик ашууларын ашып, ар бир окуяга туруштук берип келе жаткан кайраттуу эл десек жаңылыштык болбос. Эркиндикти эңсеп, кɵз каранды болбоого умтулган ɵжɵр эл нечендеген кыйын кезеңдерди баштан ɵткɵрдʏ. Бирде баатыр аталса, бирде басмачы, эл душманы болуп, кулакка тартылды. Мына ошол доорду изилдеп, айрым тарыхый окуяларга тактык киргизип, ɵткɵнгɵ саресеп салып келе жаткан тарыхчыларыбыздын бири, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Бɵтɵнɵевдин жакында эле жарык кɵргɵн “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары” аталышындагы тарыхый эмгеги жарык кɵрдʏ. Каарманыбыздын аталган эмгеги тууралуу таанышып, автордун пикирин угуп кайттык.
-Агай, “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары” деп аталган китебиңиз аркылуу окурмандарга эмне жɵнʏндɵ айткыңыз келди?
-Мында басмачылык кыймылдын лидерлери жана кулакка тартылгандар жɵнʏндɵ документтердин жана материалдардын жыйнагы жазылды. XX кылымдын 20-50-жылдар аралыгындагы окуяларды камтыйт. Китеп 3 бɵлʏктɵн турат. Биринчи басмачылык кыймыл, экинчи кулакка тартуу, ал эми ʏчʏнчʏ бɵлʏгʏндɵ саясий репрессиянын курмандыктары тууралуу архивдик документтер берилген. Мында эч кандай илимий баа бергеним жок, кɵз карашымды да айтпадым, болгон архивдик документтерди ошол бойдон жаздым. Эми окурмандар окуп, ɵздɵрʏ баа берет. Ошондой эле китептин уландысы да бар “Сʏргʏн” деп аталат. Алгачкы басылышы 2010-жылы чыккан. Экинчи басылышы жакында “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктарынын” уландысы катары жарыкка чыгат. Мазмуну жалаң кулакка тартылгандар боюнча, кɵлɵмʏ 720 барактан турат. “Сʏргʏн” деген китебим 580 баракты камтыса, азыркы чыккан китебим “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары” 464 бетти тʏздʏ. Ошондо ʏч чоң кɵлɵмдʏʏ эмгек. Азыркы биз сɵз кылып жаткан китеп кеминде 5 докторлук диссертация, 10 кандидаттык диссертацияга жете турган материалдарды камтыйт десем жаңылбайм. Болгондо да китепке таптакыр жашыруун делген маалыматтар чыкты. Ɵз окурмандарын табат деп ойлойм. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе азыраак санда чыгып жатат. 500 нускада, муну жетишсиз деп эсептейм.
- Архивдерди кайсыл жактан топтодуңуз, дегеле аны алууда кандай кыйынчылыктар болду?
- Кыргызстандын райондук архивдеринен баштап, Улуттук коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин ɵздʏк архивинин документтерин алгам. Андан сырткары Россия Федерациясынын Оренбург облустук жана шаардык архивинен алынган маалыматтар берилди. Менин оюмча бир канча жашыруун делген документтер жарыкка чыккан китеп болду. Мындан сырткары, архивде турган документтерди алуу аябагандай кыйынга турду. Ал документтер жашыруун сакталсын деп 20-30-жылдарга мɵɵр басылып, бекитилген. Ошондуктан архив кызматкерлери бербей жатышты, анан мыйзам жолунда сʏйлɵшʏп, мынча жыл ɵткɵн соң жашыруун делген кʏчʏн жоготорун талкуулап алдык. Кээ бир документтердин тʏп нускасы ɵчʏп кеткендиктен кɵчʏрмɵсʏн алууда кыйынчылыктар болду. Анан дагы финансы маселесинде кɵйгɵйлɵр болбой койгон жок.
-Бул сиздин илимий темаңызбы?
-Менин илимий багытыма тʏздɵн-тʏз тиешеси бар.
-Эмнеге ушул теманы тандап алдыңыз?
-Менин кандидаттык диссертациям да, докторлук диссертациям да ушул темага байланыштуу. Анан бул бʏгʏнкʏ кʏндɵ ачыкка чыкпай жаткан маселе. 1920-жылдан 1950-жылга чейинки мезгил жарым-жартылай ʏстʏртɵн изилденген багыт.
-Сиздин оюңузча мындан башка изилденбей жаткан тарыхый окуялар барбы, эгер болсо дагы кайсы теманы изилдемексиз?
-Учурда Улуу Ата-мекендик согуш боюнча изилдɵɵгɵ бел байлап турам. Ата мекендик согушка байланыштуу 1941-жылдан 1945-жылга чейинки аралыкты камтыган бир да академиялык басылма жок. Канча адам согушка кеткен, канчасы тирʏʏ кайткан, жоголгондор же каза болгондор андан ары эмне болушкан? Ушул сыяктуу суроолор терең изилдене элек. Согушка кеткен адамдар боюнча жалпы маалымат ʏстʏрттɵн гана айтылып келет.
-Китепти жарыкка чыгаруу канча убакытты талап кылды?
-Бул 2007-жылдан берки эмгек. Дээрлик 15 жыл аралыгында жазылып бʏттʏ.
-Басмачылар деген ким?
-Тарыхта, совет мезгилинин тушунда “басмачылар” делип аталып, китептерде ушундай жазылып калган. Менин жеке пикирим боюнча “басмачылар” деген туура эмес аталыш. Алар бир жерди барып басып алган эмес. Бир жерде туулуп-ɵсʏп, кийин ошол жерде ɵлʏштʏ. Кезинде Совет бийлигинин акыйкатсыздыгынан улам ушундай аталып, курмандыкка айланышкан. Чынында алар басмачы болгон эмес, алар “ɵз алдынча мамлекет катары жашайбыз, эч кимге баш ийбейбиз” деген идеянын артында жʏргɵн чыныгы мекенчилдер болгон.
-Илимдин изи менен келе жаткан адам катары бул тармактагы устатым деп кимди айта аласыз?
-Устатым ɵзʏмʏн атам, тарыхчы Бɵтɵнɵев Советбек Сапарбекович, Улуттук университеттин тарых факультетин бʏтʏргɵн. Апам да тарыхчы. Мен тарыхчылардын ʏй-бʏлɵсʏндɵ тɵрɵлгɵм десем болот.Кандидаттыктагы илимий жетекчим, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кадыров Турдумамат Дыйканбаевич. Ал эми тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу ʏчʏн илимий кеңешчим ыраматылык Жеңиш Жунушалиев болгон. Жакында тарых илимдеринин доктору, профессор Ɵмʏрзакова Турсунай Ɵмʏрзаковнаны илимий кеңешчим катары бекитишти.
Айжылдыз Тойчиева
Тема: Мʏнɵз деген эмне?Мугалим: Ош шаарындагы №32 Жолон Мамытов атындагы мектебинин башталгыч класс мугалими Балтабаева Гʏлнʏр Маматовна.
Максаты:
а) Адамдын мʏнɵзʏ деген эмне экендигин тʏшʏнʏʏ. Тест алуу менен окуучулардын
кандай мʏнɵзгɵ ээ экендигине ɵздɵрʏн ынандыруу.
б) Бул сабак аркылуу окуучу ɵзʏнʏн билбеген жактарын билип, терең тааный алуусуна
в) ʏлгʏлʏʏ журуш-турушка, адептʏʏлʏккɵ, ыймандуулукка, адамдарды урматтап сыйлай
билʏʏгɵ, ɵзʏн- ɵзʏ таанып, тарбиялай билʏʏгɵ, жаман менен жакшыны ажыратып билʏʏгɵ
3. Мультфильм (ой жʏгʏртʏʏ)
4. Саякатка чыгуу
5. Карама- каршы мʏнɵздɵрдʏ атоо.
6. Каармандардын мʏнɵздɵрʏн атоо
7. Физминутка жасоо
8. Макал-лакаптарды улантып айтуу
9. Тест жʏргʏзʏʏ
1. Уюштуруу: Окуучулардын алдына кызыл, сары, кɵк тегерекчелер коюлат. Окуучулардын маанайын билʏʏ: кызыл- эң жакшы, сары- жакшы, кɵк- бир аз капалуу.
Жаңы тема:
Класс жетекчи: -Силерге ɵзʏңɵрдʏн мʏнɵзʏңɵр жагабы? Эмне ʏчʏн?
Келгиле ойлонолу? Мʏнɵз деген эмне?
Мʏнɵз- адамдын жʏрʏш- турушун, кыймыл- аракетин мʏнɵздɵгɵн жеке касиеттеринин жыйындысы. Мʏнɵз ар бир кишинин ɵзгɵчɵ кыял- жоругу , кайталангыс жеке сапаты болуп эсептелет. Мʏнɵз жеке кишиге таандык туруктуу касиет, бирок аны тарбиялоо менен ɵзгɵртʏʏгɵ болот. Мʏнɵздʏн калыптанышында мектептеги таалим- тарбия , айланадагылардын жʏрʏм- туруму ɵтɵ маанилʏʏ.
2. «Антошка» аттуу мультфильм кɵрʏшɵт.
Мультфильмдеги башкы каарманы Антошканын мʏнɵзʏнɵ ой жʏгʏртʏʏ:
Антошка- жалкоо, эринчээк. Ал жакшы бала болуу ʏчʏн, ийгиликке, ɵзʏнʏн максатына жетʏʏ ʏчʏн жаман адаттарынан арылуусу керек.
3. Балдар биз баарыбыз слайдда кɵрсɵтʏлгɵн сыйкырдуу «Мʏнɵз» аттуу аралга саякатка барабыз. Ал ʏчʏн баарыбыз даярдалган баш кийимдерди кийебиз. (окуучулар кагаздан даярдалган баш кийимдерди кийишет)
-Аралга баруу ʏчʏн кɵп тоскоолдуктардан ɵтʏʏбʏз керек. Тоскоолдуктарды жеңʏʏ ʏчʏн тɵмɵндɵгʏ слайдда кɵрсɵтʏлгɵн тапшырмаларды аткарабыз:
4. Жакшы мʏнɵздɵрдʏн карама-каршы мʏнɵздɵрʏн атоо:
Ак кɵңʏл … - ичи тар
5. Бизге кɵгʏчкɵн учуп келди. Ал кат алып келди:
Кымбаттуу балдар, мен силердин сыйкырдуу «Мʏнɵз» аттуу аралга бара жатканыңарды билем. Аралга жакшы жетип алууңар ʏчʏн тɵмɵндɵгʏ тапшырманы аткарууңар керек:
Биз дайыма кɵргɵн мультфильмдеги каармандардын мʏнɵзʏн атоо:
6. Эс алуу мʏнɵтʏ: Балдар кыймыл менен жасашат:
Тʏшʏп алып кайыкка
Сʏзʏш ʏчʏн кɵл керек
Шамал болсо толкунда
Кайык мынтип термелет.
7. Бул деңизде биз кɵпʏрɵдɵн ɵтʏʏбʏз керек. Ал ʏчʏн бул тапшырманы аткарсак кɵпʏрɵ кɵтɵрʏлʏп бизге жол ачылат: Макал- лакаптарды улантып айтуу:
Оң колуңдун ачуусун … сол колуң менен бас.
Жʏз жыл жашасаң … жʏз жыл оку.
Сабырдын тʏбʏ … сары алтын.
Адамды адам кылган … эмгек.
Жакшы болуу аста- аста … жаман болуу бир паста.
Абийириңди жашыңдан … сакта.
8.Балдар деңизде шамал жʏрʏп, толкун башталды. Деңиз тынчтануу ʏчʏн кийинки тапшырманы аткаруу керек: Ар бириңер барактагы колдун сʏрɵтʏнɵ жакшы сапаттарыңарды, мʏнɵздɵрʏңɵрдʏ жазгыла. (ар бир окуучу жакшы сапаттарын, мʏнɵздɵрʏн жазып, окуп беришет).
Мына балдар, биз бардык тапшырмаларды аткарып, сыйкырдуу у «Мʏнɵз» аралына жетип келдик.
9. Балдар ар бирибиз ɵзʏбʏздʏ жакшы таанып билʏʏ ʏчʏн тест жʏргʏзɵбʏз.
Баарыңар алдыңардагы баракка тоонун, ʏйдʏн, дарыянын, каптын жана ɵзʏнɵ жаккан жаныбардын сурɵтʏн тартасыңар. 10 минута убакыт берилет.
Балдардын тарткан сурɵттɵрʏн чечмелейбиз:
-Тоонун учтары шиш, чуштугуй болсо адам ɵтɵ ачуусу чукул болуп чыгат. Боз ʏйдʏн сурɵтʏн тарткан бала патриот болуп эсептелет. Дарыя ʏзгʏлтʏксʏз тартылса адам ɵз алдынча иш кыла алат, ал эми дарыя ʏзʏк- ʏзʏк тартылса ɵзʏнчɵ иш кыла албайт, бирɵɵнʏн кɵрсɵтмɵсʏ менен гана иш кылат.
Каптын оозу буулуп тартылса адам ɵтɵ бышык, сараң болуп эсептелет. Ал эми каптын оозу ачык тартылган болсо адам колу ачык, берешен, март болуп эсептелет. Бала кайсы жаныбардын сурɵтʏн тартса , мʏнɵзʏ ошол жаныбардын мʏнɵзʏнɵ окшош болот. Мисалы: Иттин сурɵтʏн тартса ɵтɵ сак, мышыктын сурɵтʏн тартса ʏйдɵн чыкпаган, арстан же жолборстун сурɵтʏн тартса айбаттуу, эч нерседен кайра тартпаган адам.
10. Жыйынтыктоо: (суроо- жооп)
- Силерге саякатта эмне кызыктуу болду?
-Жашообуз мазмундуу, максаттуу болушу ʏчʏн эмнеге умтулуубуз керек?
- Ɵзʏбʏздʏ тарбиялоо ʏчʏн эмне кылуу керек?
11. ʏйгɵ тапшырма берʏʏ:
Идеал туткан адамың жɵнʏндɵ ой жʏгʏртʏп кɵр. Андан кандай ʏлгʏ аласың?
Баланы мектепке онлайн каттооБилим берʏʏ тармагында бир топ реформа болору кʏтʏлʏʏдɵ. Аны менен катар санариптештирʏʏнʏн алкагында да ɵзгɵрʏʏлɵр болду. Алсак, 11-апрелде башталган балдарды 1-класска мектепке электрондук каттоо ата-энелердин шайын кетирди. Жаңыланган системадагы мʏчʏлʏштʏктɵр, ата-энелердин документтериндеги кемчиликтер, маалыматтын жетишсиздиги чʏ дегенде эле каттоодонун алгачкы кʏндɵрʏ кɵпчʏлʏктʏ тынчсыздандырды. “Мурункудай эле каалаган мектепке барып каттаткан жакшы болчу” деген ата-энелерге да кʏбɵ болдук. Кененирээк макалада токтолобуз.
“Каттоону жеңилирээк иштеп чыгышса жакшы болмок”
Баласын мектепке онлайн каттоодо система маалыматтарын кабыл албай, бир топ эле убара тарткан ата-энелердин бири Кара-Суу районуна караштуу Осмон айылынын тургуну Зарина Тургунбаева. Ал ɵзʏ жɵнʏндɵ маалыматтарды киргизгенде программа “туура эмес” деп кабылдабаганын айтып, кызын шаардагы мектепке каттоого тургузуу ʏчʏн бир топ эле убара тартарын билдирди:
-12-апрелден тарта кызымды 1-класска каттоого аракет кылып баштагам. Кɵрсɵтʏлгɵн сайтка кирдим. Анда суроолор абдан жакшы берилиптир, тʏшʏнʏктʏʏ болду. Бирок, сайттын жакшы иштебегендигинен уламбы, айтор ɵзʏм жɵнʏндɵ маалыматтарды киргизсем, “туура эмес маалымат” деп кабыл алган жок. Мисалы, “Сиздин аты-жɵнʏңʏз туура эмес” деген жооп алдым. ID -карт боюнча да маалымат берсем, кабыл алынган жок. Кийин калкты тейлɵɵ борборуна барып кайрылдым. Алар “баары туура, катталсаңыз болот” дегенинен кайрадан аракет кылып, ɵзʏм жɵнʏндɵ, кызым тууралуу маалыматтарды бердим. Экинчи этапка ɵткɵндɵ “Кайсы тилдʏʏ мектепти тандайсыз?” деген суроодо орус тилин тандагам. Тилекке каршы, кызым даярдоо классын айылдагы кыргыз мектепте окугандыктан, башка мектепке каттоого мʏмкʏнчʏлʏк берген жок. Кызымды да шаардагы улуу балам окуган №7 Нариман мектеп-гимназиясына берели деген элек.
Зарина айым каттоодогу кыйынчылыктардан улам кɵрсɵтʏлгɵн ишеним номерлерге да байланышып, бирок жыйынтык болгон эмес.
-Каттай албай жаткандыгыма байланыштуу сайтта кɵрсɵтʏлгɵн кыска ишеним байланыш номерлерине кайрылганымда аябай орой мамилеге туш болдум. Негизи алар менен байланышуу да ɵтɵ кыйын экен. Кɵп жолку чалуулардан кийин араң байланышсам, анда да оройлонуп, суроомо жакшы жооп беришкен жок. Кɵп ата-энелерге онлайн каттоодо кыйынчылыктар болду. Каттоону жеңилирээк иштеп чыгышса жакшы болмок.
“Окуучу кайсы мектепке каттоого коюлса, ал милдеттʏʏ тʏрдɵ кабыл алынат”
Балдарды каттоодо ата-энелерге тиешелʏʏ аймактагы мектептер да жардам берип, толтуруу жолдорун атайын кыска тасма аркылуу жеткирип, тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Бул тууралуу “Жетиген” мектеп-гимназиясынын директору Зайнидин Момунов маалымдап, каттоо эки этап менен жʏргʏзʏлʏп жатканына токтолду:
-Ар бир мектеп ɵзʏ электрондук кезек боюнча эки этап менен иш жʏргʏзʏʏдɵ. Биринчи этабында ата-эне ИНН номерин тергенде каттоодо турган аймагындагы жакынкы мектепти система ɵзʏ тандап берет. Бул 11-апрелден 27-июнга чейин созулат. Ал эми экинчи этап 27-июндан 10-августка чейин жʏргʏзʏлɵт. Анда ата-эне анык жашаган жери боюнча мектепти тандаса болот. Мисалы, толо элек мектеп болсо, 27-июндан ары каттоого коюу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Тʏшʏнбɵй бизге кайрылган ата-энелер кɵп болууда. Учурда тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏдɵбʏз. Маселен, кɵп жылдан бери Ошто жашап, бирок каттоого тура элек, каттоосу башка аймакта же башка облуста болсо, анда каттоого 27-июндан кийин гана коё алат. Бул кɵйгɵй кайдан чыгууда? Анткени кайсы бир мектептин жанында жашап туруп, башка мектепке агылуусунан, бир мектепте окуучулар толбой, экинчи мектепте батпай жаткандыгынан улам ушундай талап болууда. Бардык жерде бирдей эле билим берʏʏ болууда. Ошентсе да экинчи этапты коюп койгон. Окуучу кайсы мектепке каттоого коюлса, ал милдеттʏʏ тʏрдɵ кабыл алынат. Биз эки кыргыз класс ачабыз жана 80 окуучу кʏтʏʏ алдында турабыз.
“Тааныш салап келгендерге тʏшʏндʏрʏп айтуудабыз”
Алгач система 7 жашка толо элек балдарды кабыл албай жатканын ата-энелер билдиришип, кийинчерээк “Инфоком” мамлекеттик ишканасы абал жɵнгɵ салынганын кабарлады. Муну шаарыбыздагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын директору Гульмира Осекова да тастыктап, электрондук каттоого карабай тааныш издегендер да болуп жатканын кошумчалады:
-Азырынча биздин мектепке каттоодон болгону 20 гана ата-эне ɵттʏ. Кɵбʏнʏн документтери тартипке келбеген же каттоосу биздин аймакта эмес экен. Ошол себептʏʏ “Инфоком” аркылуу каттоодон ɵткɵндɵ мыйзамдуу тʏрдɵ 20 гана окуучу ɵттʏ. Биздин участокто эң кɵп деп 560 батирлʏʏ ʏй кɵрсɵтʏлгɵн эле. Кɵпчʏлʏгʏ каттоого тура элек экен. Балдарды мектепке каттоодо ата-эненин гана кайсы жерде катталганы чечип калды. Тааныш салып келгендерге да тʏшʏндʏрʏп айтуудабыз. Буга чейин ɵзʏбʏздʏн ата-энелерге чогулуштарда, конференцияларда маалымат жеткирип, презентацияларды жɵнɵткɵнбʏз. Ошондуктан кɵп деле кɵйгɵй боло элек. Система 6 жашка толгондорду кабыл алууда, тʏзɵтʏʏ болуптур. Бизге катталгандарда 6 жаштагылар кɵпчʏлʏктʏ тʏзʏптʏр. Мурда кабыл алуусу жай, жаш деп мектепке 7 жашка толо электерди кабыл алчу эмеспиз.
“Бала бакчалар менен мектептерди бириктирип, бир платформада каттоодобуз”
Кɵпчʏлʏктʏн кɵңʏл чордонундагы реформалардын башында турган Билим берʏʏ жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев буга чейинки билдирʏʏлɵрʏндɵ балдарды мектепке жана бала бакчага каттоодо бирдиктʏʏ саясат жʏргʏзʏлɵрʏн, бардык мектептерде сапатты жакшыртууга кɵңʏл буруларын айткан:
“Учурда бирдиктʏʏ каттоо жʏрʏʏдɵ. Бала бакчалар менен мектептерди бириктирип, бир платформада каттоодобуз. Антпесек, кɵрʏп жатабыз, кээ бирɵɵлɵр беш жарым жаштан, кээ бирлер 6, 7 жаштан мектепке барууда. Бирдиктʏʏ саясат болбой жатат. Экинчиден, Бишкек, Ош, Каракол сыяктуу шаарларда ар бир жаран эң жакшы делген мектептерде балдарын окуткусу келет. Мисалы, Бишкекте 99 мектеп болсо, анын 19унда окуучу кɵп, балдардын саны 3-4 миңге чыгып кеткен. Бирок, ошол эле учурда ɵзʏнʏн нормасы толбой турган мектептер да бар. Андыктан, алгач катталган жери боюнча балдар мектепке барсын, кийин ал мектептин сапатын кɵтɵрɵлʏ деген максат болууда. Буюрса, жай айларында директорлордун аттестациясы, ротациясы турат. Ошондой эле кʏчтʏʏ, уюштургуч директорлорду артта калган мектептерге коюу, жакшы мугалимдерди жылыштыруу маселелерин карайбыз”,- деп белгилеген Бейшеналиев.
Мындан сырткары министр дʏйнɵлʏк практикаларды мисал келтирип, жарандар ʏй-жай алууда мектептин сапатына маани берерин кошумчалап, жакынкы келечекте бизде да билимге маани бериле баштарын билдирди.
Жумагʏл
Кочкорбай кызы
К. Кожобеков, ОшМУнун ректору: “Курулуш 3 жылда бʏтɵт, буга биздин тажрыйбабыз, билимибиз да жетиштʏʏ”Президент Садыр Жапаров 13-апрелде медициналык билим берʏʏ системасын реформалоо боюнча ɵткɵн кеңешмеде “Ош шаардык клиникалык ооруканасын ОшМУга ɵткɵрʏʏ жɵнʏндɵ” Жарлыкка кол койгон. Аталган жыйында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоо, анын инфраструктурасын модернизациялоо, ошондой эле ОшМУнун клиникалык базасын кеңейтʏʏ аркылуу медицина тармагына кɵмɵк кɵрсɵтʏʏ негизги иш-аракеттерден экендиги айтылган. Ош шаардык клиникалык ооуканасынын эски имаратынын ордуна жаңы, заманбап клиникалык база курулат. Бул боюнча ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен маектештик.
-Агай, саламатсызбы? Алгач медициналык билим берʏʏ системасын реформалоо боюнча ɵткɵн кеңешме тууралуу айта кетсеңиз, эмнелер жɵнʏндɵ сɵз болду?
- Ооба, 13-апрелде Кыргызстан боюнча эки университет, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Ош мамлекеттик университети катышкан медициналык билим берʏʏ системасын реформалоо боюнча кеңешме ɵттʏ. Жыйында медициналык жогорку кесиптик билим берʏʏ тармагын жакшыртуу боюнча маселелер каралды. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар дʏйнɵлʏк рейтингдерге, тɵртʏнчʏ муундагы окуу жайлардын катарына кирʏʏсʏ керек деген талаптын астында ишке ашкан пилоттук долбоорго кирдик. Ал ар бир жогорку окуу жай ɵзʏ жайгашкан региондун ɵнʏгʏʏсʏнɵ кандай салым кошо алат деген талап менен коштолот. Биздин ушул критерийлердин негизинде иштелип чыккан “Саламаттыкты сактоо уюмдарын жана медициналык билим берʏʏнʏ регионалдык ɵнʏктʏрʏʏ” деген аталыштагы долбоорубуз колдоого алынды. Аталган жыйында Ош шаардык клиникасын Ош мамлекеттик университетинин балансына (карамагына) ɵткɵрʏп берʏʏ сунушубуз колдоо тапты. Ага ылайык, Ош шаардык ооруканасынын эски имараты жайгашкан аянт ОшМУнун базасына ɵттʏ.
“Курулуш иши июнь айында башталат”
- Эми окуу жайдын базасына ɵткɵн шаардык оорукананын эски имаратынын ордуна кандай курулуштарды пландап жатасыздар?
- Бул долбоорго ылайык, эски шаардык оорукананын ордуна ʏч жыл аралыгында заманбап инфраструктура - эл аралык стандарттарга жооп берген клиникалык база куралы деген пландарыбыз бар. Бул иштерибиз албетте, этап-этап менен ишке ашат. Алгач ʏч жылдык программанын алкагында шаардык мэрия менен биргеликте бардык иштерди мыйзамдаштырып, документтерди ɵткɵрʏп алуу. Андан соң заманбап институттарды таап, чет ɵлкɵдɵн тажрыйбаларды алып, пландык архитектурасын тʏзʏп чыгабыз. Жалпысынан шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоого, ошондой эле окуу жайдын клиникалык базасын кеңейтʏʏгɵ 1 миллиард 891 миллион сом каражат сарптоону пландап жатабыз. Курулуш иштер ушул жылдын июнь айында башталып, толук бʏткɵрʏʏ 3 жылга пландалууда. Буга биздин тажрыйбабыз, билимибиз да жетиштʏʏ. Анткени университеттин ички каражатынан курулган медициналык клиникабыз учурда калкты медициналык тейлɵɵ багытында бир топ тажрыйбага ээ. Бир жыл ичинде клиникабыз 20 миңден ашуун оорулууну кабыл алды. Клиникада эмгектенген дарыгерлерибизге жакшы айлык акы тɵлɵɵгɵ да жетиштик. Биздин сунуштун максаты - университеттин клиникасындагы моделди чоң ооруканаларга да жайылтуу болуп саналат.
- Долбоорго каражат кайсы жактан тартылат, башкача айтканда, университет ɵзʏ каржылайбы же инвестиция тартасыздарбы?
-ʏч жылда заманбап комплекс курулуп, биринчи кезекте элибиз эң мыкты медициналык жардам ала ала турган жерге келип калат деген максатыбыз бар. Жерди мамлекет берди, каражатты ɵзʏбʏз табабыз. Мындан сырткары, донорлорду, гранттарды тартышыбыз мʏмкʏн. Ошентип бардык мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ пайдалануу менен максатыбызга жетебиз деп турабыз.
- ОшМУнун медициналык факультеттеринде билим алып жаткан студенттерге кандай шарттар тʏзʏлгɵн, практикалык кɵндʏмдɵрʏн кайсыл жактан калыптандырышат?
- Биздин студенттер, ординаторлор шаардагы бардык ооруканаларда жайгашкан клиникалык базалардан практикадан ɵтʏшɵт. Мамлекеттин ар бир медициналык билим берген окуу жайда жеке клиникасы болуш керек деген талабына ылайык, мындан 5 жыл мурун университеттин базасында жеке клиника салынган. Ал клиникабыз акыркы бир жылда жаңы форматка ɵзгɵртʏлʏп, учурда 6 бɵлʏм иштей баштады. Клиникада оорулуулар келип дарыланып, студенттерибиз алган билимдерин ал жерде практикалык негизде бышыктап келишет. Ал жерге заманбап анализ чыгарган аппараттардан баштап заман талабына ылайык бардык жабдууларды койгонго жетиштик. Студенттер келген оорулууларды башынан аягына чейин карап, анализ чыгарып бере турган мʏмкʏнчʏлʏктʏ жасадык. Бул мʏмкʏнчʏлʏктʏ кɵзʏбʏз жеткенде гана мамлекетке сунушубузду бердик.
Бул долбоор президенттин сапаттуу медициналык билим берʏʏ, сапаттуу медициналык билим берʏʏнʏ экспорттоо талабына ылайык багытталган. Студенттер окуу, ɵндʏрʏш, илимди бирге алып кетʏʏ менен заманбап технологиялар менен жабдылган клиникаларда кɵндʏмдɵрʏн калыптандырса мыкты дарыгерлер, эл аралык талапка жооп берген адистер чыгат деп ишенебиз. Жогоруда айтылган тɵртʏнчʏ муундагы университеттердин катарына кирʏʏ талабын аткарууда ушул жаңы курула турган клиникада атайын илим изилдɵɵ институттары, окуу залдары сыяктуу бардык талаптарга жооп берген комплекс калыптанат.
-Маегиңиз ʏчʏн чоң рахмат, агай. Ишиңиздерге ийгилик!
Бактыгʏл Калдарбай кызы
12 жылдык окутуу – азырынча план, бирок келечекте ишке ашчу системаБилимдʏʏ жаштар – эртеңки ɵнʏккɵн ɵлкɵнʏн кепилдиги. Жакында Билим берʏʏ министрлиги тарабынан 12 жылдык окууга ɵтʏʏ боюнча пландар айтылып, бул эл арасындагы чоң талкууга жем таштаган. Айрымдар “кайдагыны башташат, мурунку система жакшы, окуу мɵɵнɵтʏн кɵбɵйтмɵк турсун 10 жылга кайра кыскартуу керек” десе, башкалар “качанга чейин ɵз казаныбызда ɵзʏбʏз кайнай беребиз, дʏйнɵлʏк стандартка ылайыкташып жашаганыбыз жакшы” деген ойлорун айтып жатышат.
Самат Тоялиев, Билим берʏʏ жана илим министрлигинин коомчулук менен иштɵɵ боюнча сектордун башчысы:
-Самат мырза, мектепте окутуунун программасына кирип жаткан ɵзгɵрʏʏлɵр тууралуу айтсаңыз. Мисалы, 12 жылдык боюнча?
-Жалпы реформалардын алкагында 12 жылдык окуу системасына ɵтʏʏ демилгеси да кɵтɵрʏлгɵн. Эл арасында ар кандай пикирлер болуп жатат. Мында билим берʏʏнʏн сапатын жакшыртып, реформаларга, жаңыланууга секирик жасап, ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизели деп ниеттенип жатабыз. Ошол багытта комплекстʏʏ тʏрдɵ иш-аракеттер жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Жогоруда айтылгандай, бул министрдин 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлерине республикалык кеңешмесинде жасаган презентациясында айтылган тезистеринин бири болчу. Айрымдар аны туура эмес тʏшʏнʏп, булар эч ким менен акылдашпай, коомчулукка тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзбɵй туруп, ɵз алдынча 12 жылдыкка ɵтɵбʏз деп жатышат деген сыяктуу кептерди айтышкан. Биз акырындык менен тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп, эфирлерди уюштуруп, мектептер менен байланышып колдон келишинче элге маалыматты жеткирʏʏгɵ аракет кылып жатабыз. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бала бакчага барган балдардын жогорку тайпасында жана 0-класстар ʏчʏн 480 сааттык “наристе” программасы окутулуп келет. Биз ошол программаны дагы ɵркʏндɵтʏп, 560 саатка чейин кɵбɵйтʏп, 1-класс кылып киргизели деп пландаганбыз.
-9 жылдыкты аяктагандан кийинки тандоо эркиндиги сакталып кала береби?
-Ушуну дагы кɵпчʏлʏк туура эмес тʏшʏнʏп алууда. Кенен айтып ɵтсɵм, бул тандоо эркиндиги бар, сакталып кала берет. Буга чейин мектеп системасында балага 2 документ берилип келген, биринчиси 9-классты аяктаганда толук эмес орто билимге ээ деген кʏбɵлʏк. Экинчиси 11-классты аяктаса толук орто билимге ээ деген аттестат. Ал эми жаңы программа боюнча 12 жылдыкта кесипке ʏйрɵткɵн сертификат менен кошо бʏтʏрʏʏчʏ ʏч документ алат. Эгерде бала ʏй-бʏлɵлʏк социалдык абалына жараша 12-класстан кийин окуусун андан ары улантпай турган болсо, ал мектептен алган кесиптик билими менен эмгек рыногуна даяр адис катары чыгып иштеп кете алат.
-Качан кʏчʏнɵ кирет?
-Азырынча бул – план, долбоор. Качан ишке ашарын так, кесе айта албайбыз. Аны бир нече этап менен ишке ашырууга мʏмкʏн. Ага чейин стратегиялык документтер, ченемдик укуктук актылар деген бар, алардын баарын тең бири-бирине шайкеш келтирʏʏ керек. Ушул багытта министрлик ɵз жумушун алып барууда.
Гʏлмайрам Жанболотова, №76 “Эркин Кыргызстан” орто мектебинин директору, Нариман айылдык кеңешинин депутаты.
“Окуучулар убакыттан уттурбайт!”
-Мугалим катары 12 жылдык билим берʏʏнʏн оң жактарына эмнелерди айта аласыз?
-“Балдарыбыз 12 жылда карып кетет” деп ызы-чуу салууга негиз жок. Эгер 12-класс ачыла турган болсо, даярдоо классынын ордуна 1-класс окутулат. Тактап айтканда, буга чейин 6 жаштагы баланы 1-класска эмес даярдоо классына кабыл алып келсек, мындан ары 6 жаштагы бала 1-класска кабыл алынат. Ошондо жаш-курагынан уттуруу деген нерсе болбойт. Бул орун алмашуудан сумма ɵзгɵрбɵйт деген сɵзгɵ тете.
Жаңы окуу программасынын ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ
-Учурда окуучулар 11-классты жɵн эле аякташса, жаңы программага ылайык кесипке багыт берʏʏчʏ курстар киргизилет. Мисалы, автомектеп, тигʏʏчʏлʏк жана башка ушул сыяктуу кесиптерди атайы курстарда акча тɵлɵп эмес, мектептен эле бʏтʏрʏп, сертификат алууга мʏмкʏнчʏлʏк жаралат. Мындан сырткары бизге жеткен маалыматтар боюнча китептердин кɵлɵмʏ ар тʏрдʏʏ эмес, бирдей кɵлɵмдɵ чыгары айтылды. Дагы бир жакшы жагы 12 жылдык билим берʏʏ дʏйнɵлʏк стандарттын талабына жооп берет. Ошондуктан чет ɵлкɵгɵ университетке тапшырам деген балдар ал жакта 1-2 жыл кайра даярдоодон ɵтпɵй эле дароо жогорку окуу жайда окуусун улап кете алышат. Ошондой эле учурда даярдоо классынын мугалимдери 480 саатты окутканына гана айлык алат, эмгек ɵргʏʏгɵ, каникулга да акча тɵлɵнбɵйт. Даярдоо классы 1-класска алмашса ал мугалимдер да башка мугалимдер сыяктуу эле айлык акы алып башташат. Бакчалар 2 жаштан кабыл алат, бул ата-энелер ʏчʏн да, балдардын ɵзʏ ʏчʏн да жакшы болот деп ойлойм.
Реформаларды ишке ашырууда чогуу аракет керек
-Жалгыз дарак бак болбойт демекчи, билим берʏʏгɵ жасалып жаткан реформаларды ишке ашырууда да чогуу жасалган аракеттер оң жыйынтыгын берет деп ойлойм. Учурда мугалимдерге чогулуштарды ɵтʏп, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп жатабыз. Баары тʏшʏнʏʏ менен кабыл алышууда. Ата-энелер, окуучулар да сунушталып жаткан жаңы система менен кенен таанышып чыгып, оң жыйынтык чыгарат деп ишенебиз.
Европанын мектептеги окуу системасы кандай?Жаш-курагы
Европа ɵлкɵлɵрʏндɵ балдар мектепке эрте барышат. Биринчи класстын окуучулары кɵбʏнчɵ 6 жашта, ал эми Италияда ата-энелер баласын качан мектепке жиберʏʏнʏ ɵздɵрʏ чечиши мʏмкʏн, бирок, мыйзам боюнча мугалимдер 5 жаштагы балдарды да кабыл алышы керек.
Сабактардын графиги
Европадагы мектеп окуучулары КМШ мамлекеттериндеги балдарга салыштырмалуу кɵбʏрɵɵк окушат, кээде мектепте сегиз саат калууга туура келет. Бирок, бул убакыт аралыгында тʏшкʏ тамакка бир сааттык тыныгуу берилип, кɵчɵдɵ сейилдɵɵгɵ, экскурсияларды, спорттук оюндарды уюштурууга мʏмкʏнчʏлʏк бар. Ошондой эле аларга кɵлɵмдʏʏ ʏй тапшырмалары берилбейт.
Баалоо ыкмасы
Бʏткʏл Европада баа берʏʏ системасы ар кандай. Мисалы, Францияда окуучулардын эмгеги 20 баллдык система боюнча бааланат. Италияда - ар бир жеке предмет боюнча 10 упай. Бʏтʏрʏʏ экзамендеринде 100 баллдык система киргизилип, окуучуга кошумча активдʏʏлʏк ʏчʏн спорттогу ийгиликтери же класстан тышкаркы иштерге жигердʏʏ катышса 100 баллдан да кɵп алганга мʏмкʏнчʏлʏгʏ болот.
Жɵнɵкɵй мектеп бʏтʏрʏʏчʏсʏ эмес, кайсы бир деңгээлдеги даяр адистер. Европанын дээрлик бардык ɵлкɵсʏндɵ дʏйнɵлʏк тажрыйбага ылайык окуу 12-13 жылга созулат.
Айжылдыз Тойчиева
Окурманы кɵбɵйгɵн китеп дʏкɵндɵрʏАнглиялык жазуучу Нил Гейман айткандай, “Китеп бул – колуңда турган кыялдарың”. Чынында ийгиликтʏʏ адамдардын дээрлик бардыгы китепти кɵп окугандыгын айтып келишет. Кɵрсɵ китеп адамды сабаттуу гана кылбастан, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатып, ак менен караны ажырата билʏʏгɵ, фантазиялык кʏчтʏʏ ой жʏгʏртʏʏгɵ кɵмɵкчʏ да болот. Демек, коомдун ɵнʏгʏшʏ китепкɵй жаштарга тʏздɵн-тʏз байланыштуу. Ал эми дʏйнɵлʏк классикалардан баштап жаңы чыгып жаткан китептерди элге жеткирʏʏдɵ китеп дʏкɵндɵрдʏн ролу чоң. Алдыда китеп дʏкɵндɵрʏнʏн ишмердʏʏлʏгʏ тууралуу айтып беребиз.
Эркинбек Маметов, Бишкек,Ош, Баткенде иштеп жаткан “ Book House ” китеп дʏкɵнʏнʏн пиар менеджери:
“Кɵркɵм адабиятты кɵбʏрɵɵк окушса. ”
- Эркинбек, силердин оюңарча жаштардын китеп окуу деңгээли кандай болууда?
- Жаштардын китеп окуу деңгээли кʏн санап ɵсʏʏдɵ. Мурдагыдай китеп окубаган жаштар жок. Азыр алар бир аз улгайды десек болот. Тагыраагы, 30-40 жаштагы китеп окубаган ата-энелер балдарына да бул нерсени айта бербеши мʏмкʏн. Кубандырган жагы жаштар кɵркɵм адабиятка басым жасашууда, ал эми ɵзʏн ɵнʏктʏрʏʏ боюнча же мотивация берʏʏчʏ китептерди 25 жаштан 40 жашка чейинки ага-эжелер окуп жатышат. Анын себебин мындайча тʏшʏндʏрсɵк болот, союз тарагандан кийин 30 жыл аралыгында кандайдыр боштук болуп калган, китеп окуу боштугу. Ошондуктан бул курактагы адамдар ошол калып кеткен боштукту ɵзʏн ɵнʏктʏрʏʏ боюнча жазылган китептерди окуу менен толтуруп жатышкан сыяктуу. Ошондой эле китепке жасалган мамиленин жакшырып баратканын, жаңы китеп дʏкɵндɵрʏнʏн, жаңы басмаканалардын ачылып жатканынан баамдап билсек болот.
-Ар тараптуу ɵнʏгɵм деген окурман кандай тематикадагы китептерден баштаганы дурус?
-Адамды ɵнʏктʏрʏʏчʏ китептер мазмунуна карап бɵлʏнɵт. Мисалы, ар ким ɵзʏнʏн кемчилдигин билет да. Ошого карап китепти тандашат. Айрымдар бала тарбиялоо боюнча китептерге муктаж болушу мʏмкʏн. Ошондуктан “Балам мыкты болсун десеңиз. ”, “Таяксыз тарбия” деген китептер кыргызчага которулуп, сатылууда. Андан сырткары чакан бизнестер кɵп ачылып жаткандыктан биздин ишкерлер маркетинг боюнча китептерди окушат. Менин оюмча жаштар мотивация китептерине азыраак басым жасап, кɵркɵм адабиятты кɵбʏрɵɵк окушса. Мисалы, эски классикалар, азыркы чыгып жаткан дʏйнɵлʏк бестселлер китептер, кыргыз адабиятындагы бестселлерлер бар. Себеби, адамдардын ɵзʏнɵ байкалбаган менен ар бири жан дʏйнɵнʏн ачкалыгынан жабыркашы мʏмкʏн. Жан дʏйнɵнʏн ачкалыгынан ɵткɵн жаман нерсе жок, аны байлык менен да толуктай албайсың, анын жалгыз жолу жан дʏйнɵнʏ кɵркɵм адабиятка сугаруу. Бул элдин жашоо этикасын ɵнʏктʏрʏп, руханий азык болмок. Дагы кошумчалай кетчʏ нерсе китеп дʏкɵнʏ катары байкашыбызча жаштар китеп окуп, улуу курактагылар калып калууда. Ошон ʏчʏн жаштарга эле басым жасай бербей улгайган жарандарыбыз ʏчʏн да долбоорлорду иштеп чыгуудабыз.
Куштарбек Кимсанов, жазуучу, “Китеп. kg ” басмасынын жетекчиси.
-Дʏйнɵдɵгʏ популярдуу болуп жаткан китептер учурда кыргызчага канчалык деңгээлде которулуп жатат?
-Бул багытта ɵлкɵбʏз абдан алсыз абалда. Кыргыз ɵзʏ аз калк, которулуп жаткан китептер андан да аз. Мисалы Чехияны кɵрʏп келген досторубуздун айтышына караганда, ал жакта англис тилинде жарык кɵргɵн китептердин дээрлик баары чех тилинде бар экен. Биз бул жагынан кыйла арттабыз. Анан которгонго китеп тʏгɵнʏп калгансып, бир адам которгон китепти башкалар да кайталап которуп сатып жатышат… Мындай кемтиктʏʏ пейилдер тилекке каршы, маданияттын туу чокусунда жашаган китеп дʏйнɵсʏндɵгʏ ɵкʏлдɵрʏбʏзгɵ да жетти.
-Негизи котормочулук иши менен жазуучулар гана алектенишеби?
-Мында жазуучу гана которот деген маселе жок. Которуу ишине кызыккан, элибиздин маданиятынын ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошом деген ар бир инсан бул жɵнʏндɵ иликтеген болсо, анда сɵзсʏз салым кошо алат. Финансылык салымдан сырткары эмгек салымы да ɵтɵ маанилʏʏ. Ал жерде кɵп жагдайлар бар, ал тургай ушул тармакта ишкердик жʏргʏзсɵ болот. Анын тʏйшʏгʏ бир аз оор, тʏйшʏгʏнʏн оордугуна чыдаш ʏчʏн бул ишти хобби катары кɵрʏш керек. Милдет катары, жʏктɵлгɵн жумуш катары гана кɵрсɵ жакшы натыйжа чыгара албай калышы мʏмкʏн. Кʏн-тʏн дебей изденʏʏ гана жыйынтыгын берет.
-“Китеп kg ” басмасынын элге тартуулаган котормолору кайсылар?
-Он чакты китепти кыргызчаладык. Мисалы, жазуучу Григорий Петровдун профессор Рачинский жɵнʏндɵгʏ “Мыкты адам” деген китеби которулган. Эли-жерин ɵнʏктʏргʏсʏ келген бир профессор жɵнʏндɵ абдан таасирдʏʏ жазылган. Ал эң мыкты шарттагы жашоосун таштап, шаардан айылдагы чыла кечкен мектебине барып, ал жерде балдарды окуткандыгы жɵнʏндɵгʏ абдан кызык чыгарма. Ага чейин айтылуу “Бир ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏʏ тарыхын” чыгарганбыз. Ал китептин азыр 6-басылышы жарык кɵрдʏ. Ар басылышында 4000ге чейин нускада чыгып, элге жетʏʏдɵ. Андан сырткары башкыртстандык жазуучунун “Жомоксуз ɵткɵн балалык” китебинин 3-басылышы окурмандардын колуна тийди. Алдыда дагы пландарыбыз ɵтɵ кɵп. Негизи чоң бир котормочулар борборун тʏзсɵк болот, бирок китепти элге жеткирʏʏ, реализация жагы бир аз татаал болгондуктан ал иштерди жасоо кыйыныраак болууда. Китебин чыгарууну ойлонгон ар бир автор жана жазуучуларды, котормолорду иштешʏʏгɵ чакырабыз.
-Кайсы бир автордун китебин которуу ʏчʏн анын ɵзʏнɵн гана уруксат алуу керекпи?
-Биринчи варианты, эгер башка ɵлкɵдɵгʏ жазуучу тирʏʏ болсо, ɵзʏнɵн жазуу жʏзʏндɵ уруксат алуу керек. Экинчи варианты, кɵпчʏлʏк ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ автор тирʏʏ болгон менен ээлик укугун басмага ɵткɵрʏп берип коёт. Ага автор ɵзʏ кайыл. Чыгармалары башка тилге которулуп жатса жакшы да. Мындайда автордон эмес, басмадан уруксат алууга туура келет. ʏчʏнчʏдɵн автор каза болуп калган болсо, анда мураскеринен уруксат алынат. Эгер каза болгонуна 70 жыл ɵткɵн болсо, анда каалаган адам каалагандай чыгара алат, эл аралык норма ушундай.
-Учурда кайсы китепти элге тартуулаганы турасыздар?
-Кɵбʏнчɵ тарбия багытына, билим берʏʏгɵ, инсандык ɵнʏгʏʏгɵ байланышкан китептерден чыгарууну каалайбыз.
-Тарбия деп калдыңыз, балдарга арналган чыгармалардын которулушу боюнча айтып берсеңиз?
-Бишкектеги “Кут аалам” басма ʏйʏ балдар адабияты боюнча абдан жакшы иш жʏргʏзʏп келди. Далай мыкты чыгармаларды кɵлɵмʏнʏн чоңдугуна карабай которушту. Кɵбʏнчɵ кɵлɵмдʏʏ чыгармаларды басмалар даярдап чыгарбайт. Анткени андай китептерден акча каражат жагынан пайда табуу абдан кыйын. Кичинекей китептерден гана каражат тʏшɵт, анан мамлекеттик колдоо жок. Ошондуктан ɵз каражатын ɵзʏ таап иштегенге туура келет. Негизи балдарга арналган романдарды которуудан эч кандай пайда тʏшпɵй, ал тургай зыянга учурашы да мʏмкʏн. Демек, балдарга, келечекке инвестиция кылуу ʏчʏн бош акча болушу керек.
Жыйынтыктап айтканда бул багытта жасала турган жумуштар ɵтɵ кɵп, бирок максатка жеткире турган туура план эч кимде жок!
-Учурда кайсы тилдеги китептерге суроо-талап кɵп?
-Ɵлкɵбʏздʏн тʏндʏгʏндɵ орус тилдʏʏ китептерге басым жасалса, тʏштʏгʏндɵ кыргыз тилдʏʏ китептер кɵп окулат. Ал эми тʏштʏктɵгʏ шаардын борборлорунда ɵзбек тилдʏʏ китептер да тынбай сатылууда. Айрыкча алар той-топурда кыздын себине кошуп берʏʏ ʏчʏн томдуктарды алышат. Бул акырындан адатка айланып бараткан жакшы жɵрɵлгɵ. Мындан сырткары Бишкек шаарында орус тилдʏʏ китеп дʏкɵндɵрʏндɵ дʏйнɵлʏк адабият кеңири болгондуктан кɵп сатылат. Тʏштʏк жергесинде кыргыз тилдʏʏ китептер жакшы сатылат, бирок бул укмуштай соода болот дегенди тʏшʏндʏрбɵйт. Акыркы 5 жылдын ичинде Ошто 10 чакты китеп дʏкɵндɵрʏ ачылган. Учурда бир-экɵɵ эле калды. Анткени бул тармакта атаандаштыкка туруштук бере алуу деген нерсе жок. Тагыраагы, атаандаштыктын ɵзʏ жок. Мында окурмандын абдан аздыгы иштин жʏрʏшʏн такыр эле басаңдатып салат. Кыргыз тилдʏʏ китептердин ичинен дагы эң начар сатылганы поэзия болууда. Мурда «кыргыздын ити да ыр менен ʏрɵт» деп кыргыз ырга, поэзияга абдан жакын болчу. Ал тургай сʏйлɵгɵн сɵзʏн да ырга окшотуп уйкаштыра сʏйлɵйт эле. Башка улуттун айрым ɵкʏлдɵрʏ биринчи ирет кыргыз менен сʏйлɵшсɵ ыр айтып жатабы деген учурлар болгон. Ошол уңгубузду таптакыр жоготтук. Прозалык китептерге токтолсок, алар салыштырмалуу жакшы сатылат. Анын ичинде дем-шык берʏʏчʏ китептерге суроо-талап кɵбɵйдʏ. Себеби элде соода кылуу, башкаларды ɵзʏнʏн пикирине ынандыруу деген сыяктуу максаттар кʏч алды. Айрыкча онлайн турмуш келгенден кийин бир нерсе сатууну каалап, аны сатуу ʏчʏн ынандыруу зарылдыгы пайда болуп, ынандыруу ʏчʏн дем-шык берʏʏ керек, ал эми дем-шык берген китептерди окуганда гана башкага ошол нерсени бере алабыз дешип, ушул мотивация берʏʏчʏ китептерге кардарлар кɵбɵйгɵн. Ал эми тарыхый романдар, фольклор, поэзиялык китептер такыр эле аз окулат.
Жайнакова Асила, “Китеп. kg ” дʏкɵнʏнʏн менеджери.
-14-февралды китеп кʏнʏ деп белгилеп калдык, ошол кʏнʏ китеп алгандардын саны кɵп болдубу?
-Негизи тʏшкɵ чейин, тʏштɵн кийин деле адам ʏзʏлгɵн жок. Биз “китеп кʏнʏнɵ” карата атайын акцияларды уюштурган элек. Китептин дʏң баада келгенинен да арзан баада сатылды. Адамдар китеп окусун деп арзан сатылышына ɵзʏбʏз кайыл болдук. Башка кʏндɵргɵ салыштырмалуу кɵп адам келгенин карап туруп, бул кʏн китеп белекке берʏʏ кʏнʏ катары элге сиңип баратканына ичтен кубандык. Канткен менен китеп сатып алууга болгон ынтызарлык абдан начар абалда калууда.
Базарбай уулу Бек, “Кенч” китеп дʏкɵнʏнʏн жетекчиси:
“Мотивациялык китептерге суроо-талап кɵп”
-Учурда кайсы китептер кɵп сатылууда?
-“Капаланба”, “Бакыттын сырын ачтым” деген сыяктуу мотивация аралашкан китептер жакшы сатылат. Анткени биздеги адамдардын кɵпчʏлʏгʏ стресс абалында жʏрɵт экен. Ошол эле учурда финансылык абалын жакшыртып, байып кетʏʏ жолдорун издегендер да аз эмес.
-Сатык ʏчʏн китептер чет ɵлкɵдɵн да алынып келинеби?
-Ооба, азырынча Россиядан гана айрым китептерди алып келебиз. Башка учурда ɵзʏбʏздʏн ɵлкɵ ичиндеги басмаканалардан, авторлордон сатып алабыз.
Айжылдыз
Тойчиева
Ош шаарында жана облуста мектептер, мугалимдер жетишсизƟткɵн жылдын аягында ЖРТнын жыйынтыгынын ɵзгɵрʏʏ динамикасын тааныштырып жатып, Республикалык билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тестти ɵткɵрʏʏнʏн бʏткʏл мɵɵнɵтʏнʏн аралыгында эң тɵмɵнкʏ деңгээлди – 21 упайды – Ош облусундагы окуучу кɵрсɵткɵнʏн белгиледи. Тесттин начар жыйынтыгы акыркы жылдары тʏштʏк борбордон тышкары аймактагы окуучулардын ɵзгɵчɵлʏгʏ.
Адистер мектеп окуучуларынын билим деңгээлинин тɵмɵндɵшʏн мугалимдердин жетишсиздиги, мектептердин жетишсиздиги, натыйжада сааттар жана предметтер кɵп калтырылып 3 нɵɵмɵттɵ окуу менен байланыштырууда. Облус боюнча 78 мектеп окутууну ʏч нɵɵмɵт менен жʏргʏзɵт.
Сандар таң калтырат
Бул окуу жылда Ош облусу боюнча 28 943, Ош шаарында 9 212 окуучу 1-класска киришти. Бул жалпы ɵлкɵ боюнча мектепте окууну баштагандардын ʏчтɵн биринен кɵбʏрɵɵгʏн тʏзɵт. Адистердин айтымында, бул аймакта 10 000ге жакын бала тар шарттарда окуйт же мектептердин жетишсиздигинен сабакка бара албайт.
Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ министрлигинин маалыматы боюнча ɵлкɵдɵ 670 мектеп жетишсиз. Жалпы билим берʏʏ мекемелеринин жетишсиздигин жоюу ʏчʏн анын жарымы ɵлкɵнʏн тʏштʏгʏндɵ, ал эми Ош облусунда 200гɵ жакын мектеп курулушу керек.
Бирок бул да баары эмес. Ɵлкɵ боюнча 245 мектеп, анын 138и Ош облусунда жана тʏштʏк борбордо авариялык абалда. Бул балдар ʏчʏн кооптуу мектептер, аларды бузуп, ордуна жаңыларын куруу керек. Облус боюнча дагы 100 мектеп капиталдык ремонтко муктаж.
Облустагы мектеп окуучуларынын тɵрттɵн бир бɵлʏгʏндɵ ичʏʏчʏ суу жок, ал эми аймактагы мектептердин кɵбʏндɵ канализация жок. Мындай шарттарда окуучулардан жогорку натыйжаларды талап кылуу кыйын.
Жаңы 2020/2021 окуу жылынын башталышында Кыргызстандын мектептерине 2250 мугалим керек болгон. Биринчи жарым жылдын акырында кадрлардын жетишсиздиги бюджеттик бɵлʏмдɵрдʏ бʏтʏргɵн жана бɵлʏштʏрʏʏ жолу менен 3 жыл иштɵɵгɵ милдеттʏʏ болгон ЖОЖдун бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏнʏн эсебинен бир аз кыскарган. Бирок маселе дагы эле курч бойдон калууда.
Билим берʏʏ министрлигинин маалыматы боюнча, ɵзгɵчɵ Жалал-Абад жана Ош облустарында, ошондой эле борбор облуста кадрлардын жетишсиздиги курч. Бош орундардын эң азы – Талас жана Нарын облустарында. Жалпысынан Ош облусунда жана Ош шаарында алдын ала эсептɵɵлɵр боюнча 980 мугалим жетишпейт.
Айрыкча Ош шаарында орус тилдʏʏ мектептерде математика, физика, информатика, биология, география боюнча жана башталгыч класстардын мугалимдери жетишсиз. Бул тууралуу Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынан билдиришти. Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгы мектептерге мугалимдерди ишке тартууга кɵмɵк кɵрсɵтʏʏ ɵтʏнʏчʏ менен ЖОЖдорго бир нече жолу кайрылган. Адистер орус тилдʏʏ мектептерде гана мугалимдер жетишсиздигин, ал эми кыргыз жана ɵзбек тилдеринде окутуучу мектептерде мугалимдер жетиштʏʏ экенин баса белгилешʏʏдɵ.
Маселени ким чечет?
Жогорку окуу жайлардын бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏн аймактарга барып, ал жакта ɵз предметинен сабак берʏʏгɵ мажбурлоо мʏмкʏн эмес. Жаш мугалимдерге тʏрткʏ боло турган гана шарттарды тʏзсɵ болот. Билим берʏʏ министрлиги «бул маселенин ʏстʏндɵ иштеп жатабыз» дейт.
Мектептердин жетишсиздигин жергиликтʏʏ бийлик чечʏʏгɵ аракет кылууда. Ош шаарында республикалык бюджеттин эсебинен беш мектеп курулуп жатат, анын ʏчɵɵсʏ ɵткɵн жылдын аягына чейин бʏтʏрʏʏ пландалганын мэр Алмаз Мамбетов билдирди. Бирок бардык жерде иш бʏтɵ элек.
«Курулуш токтоп калышынын негизги себеби – каражат. Чоң шаарларда орто билим берʏʏ мекемелеринин жетишсиздиги курч. Бул кɵйгɵй Ошто да бар. Мэриянын билим берʏʏ мекемелеринин санын кɵбɵйтʏʏ пландары бар», – деди мэр.
Маселе жергиликтʏʏ коомчулуктун деңгээлинде гана эмес, бийлик жана бардык саясий кʏчтɵр тарабынан чечилиши керек. Ɵлкɵнʏн калкы эң жыш жайгашкан облусу болгон Ошто билим берʏʏнʏн жеткиликтʏʏлʏгʏн камсыздоо жергиликтʏʏ администрациялардын жана саясий партиялардын негизги маселелеринин бири болушу керек.
Алина Назарова
Кудайберди Кожобеков, ОшМУнун ректору: “ОшМУ – билим берʏʏнʏн бардык баскычтарын ɵзʏнɵ камтыйт”Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылы ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп тʏзʏлʏп, 1992-жылы Ош мамлекеттик университети деп ɵзгɵртʏлгɵн. Азыркы кʏндɵ ОшМУ 17 факультет, 1 эл аралык билим берʏʏ программаларынын жогорку мектеби, 2 институт, 4 орто кесиптик билим берʏʏчʏ колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия, 2 окуу борбору, 30 окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук ж.б. борборлор, 11 жатакана, 2 медициналык клиника, 18 ачык жана жабык типтеги спорт комплекси, Ысык-Кɵлдɵ “ʏмʏт” пансионаты, Ошто “Ак-Буура” эс алуу жайы, студенттик профилакторияны ɵз ичине камтыйт.
"Эл аралык билим берʏʏдɵ лидер болдук"
-Агай, саламатсызбы? Алгач маек ʏчʏн убакыт бɵлгɵнʏңʏзгɵ ыраазычылык билдиребиз. Айтсаңыз, ОшМУда кандай жаңылыктар болууда? Кандай ɵзгɵрʏʏлɵр бар?
-Саламатчылык. Силерге да ырахмат. ОшМУда жаңылыктар кɵп. Алардын сап башында эл аралык билим берʏʏнʏ ɵнʏктʏрʏʏгɵ болгон аракетибиз турат десем болот. Учурда 30дан ашуун ɵлкɵдɵгʏ 300дɵн ашуун жогорку окуу жайлар менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдер тʏзʏлʏп, ишке ашырылууда. Акыркы 2 жылда 100дɵнгɵн келишимдерге кол коюлду. Атап айтсак: Пекин шаарында Кытайдын Борбордук улуттар университетинин ректору Хуан Тайян менен «Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борбору» ачылды. ʏрʏмчʏ шаарында Синьцзян педагогикалык университети, РФнын Тʏштʏк Урал мамлекеттик университети, Урал мамлекеттик педагогикалык университети, Приволжск медициналык изилдɵɵ университети, Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети, Санкт-Петербург чет тилдер институту, Шанхай саясий-юридикалык университети, Ханбат улуттук университети, Дели инженердик-технологиялык университеттин Ганди институту, Сум мамлекеттик университети, Астана медициналык университети, Т.Жургенов атындагы Казак улуттук искусство академиясы, Самарканд ветеринардык медицина институту, Чирчик мамлекеттик педагогикалык институту, С.Айни атындагы тажик педагогикалык университети, Абу Али ибн Сина атындагы тажик медициналык университети, Польша экономикалык университети, Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университети, Санкт-Петербург мамлекеттик политехникалык университети жана “Военмех” Балтика мамлекеттик техникалык университети ж.б. бир топ окуу жайлар менен эки тараптуу келишимдерге, меморандумдарга кол коюлду.
"ОшМУ илимге жаңыча мамиле жасайт”
-Дʏйнɵлʏк, эл аралык рейтингдерге катышуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында «Улуттук жана эл аралык рейтингдер» бɵлʏмʏ ачылды. Быйылкы окуу жылында алгачкы жолу илимий долбоорлор ʏчʏн 5 млн. сом ɵлчɵмʏндɵ каражат бɵлʏндʏ. Конкурска университеттин илимий кызматкерлери жана аспиранттары (бʏтʏрʏʏчʏ курстар) катышып, жалпысынан 19 илимий долбоордун темасы алынды. ОшМУнун инновациялык инфраструктурасын кеңейтʏʏ, бизнес-инновациялык борборлорун тʏзʏʏ максатында бизнес жана менеджмент факультетинде Бизнес инкубатор тʏзʏлʏп, ОшМУнун студенттерине “Мыкты стартап” конкурсуна катышууга мʏмкʏнчʏлʏк алды.
“ОшМУнун Жарчысы” илимий журналы белгиленген беш багыт боюнча жарыкка чыгып жатат. Журналдын импакт-факторун кɵтɵрʏʏ максатында 2021-жылдын 16-мартында E - LIBRARY электрондук китепканасы менен DOI ( Digital Object Identifier ) кызматын алуу боюнча эки тараптуу келишим тʏзʏлʏп, журналдын 2021-жылы жарыкка чыккан сандарындагы ар бир макалага DOI номери коюла баштады. “ОшМУнун Жарчысы” журналы эл аралык Crossref ) уюмуна кирди. Жаштардын илим чɵйрɵсʏн калыптандыруу максатында “Жаш илимпоздор кенеши” тʏзʏлдʏ. ОшМУда алгачкы жолу математика жана медицина багыты боюнча PhD докторантура ачылып, иштей баштады. GOOGLE Academy платформасына ОшМУнун 577 окумуштуусу катталды.
-Эл аралык билим берʏʏ деп калдыңыз, кош дипломдуу билим берʏʏ программаларыңыз тууралуу да айта кетсеңиз.
-Кош дипломдуу эл аралык биргелешкен билим берʏʏ программаларын ишке ашыруу боюнча университетте бир нече жумуштар аткарылып жатат. Алсак, алгачкы жолу ОшМУда эл аралык билим берʏʏ программаларынын жогорку мектеби тʏзʏлдʏ. Мында эки жыл ОшМУда, эки жыл башка чет ɵлкɵдɵгʏ окуу жайда билим алып, эки университеттин дипломуна ээ болуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ пайда болду. 2020-2021-окуу жылында Тʏштʏк-Урал мамлекеттик университети менен Эл аралык билим берʏʏ программаларынын жогорку мектебинин алкагында аймак таануу, филология, математика жана компьютердик илимдер багыттарында, Урал мамлекеттик педагогикалык университети менен башталгыч билим берʏʏ жана англис тили багыты боюнча окутууну тармактык формада жʏргʏзʏʏ келишимин тʏзʏп, быйылкы окуу жылында 14 студент кабыл алды. Ошондой эле Томск мамлекеттик университети, Урал мамлекеттик медициналык университети, Приволжск медициналык изилдɵɵ университети, Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети менен кош дипломдуулук программасы жɵнʏндɵгʏ келишимге кол коюшту.
-Ош мамлекеттик университети башка билим берʏʏ мекемелеринен курулуш тармагын да кошо алып кеткени менен айырмаланып турат десем ашыкчалык кылбайт. Бул жаатта кандай жумуштар аткарылууда?
- Акыркы жылдары ОшМУда 30дан ашуун окуу корпустар, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык модернизацияланды. Соңку 2 жылда 4 окуу корпусу курулуп, окуу жайдын гана мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн кеңейтпестен, Ош шаарынын архитектуралык облигине жаңыча кɵрк кошууда. Атап айтсак, педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин аймагына спорттук комплексинин курулушу, индустриалдык-педагогикалык колледждин 3 кабаттуу окуу имаратынын курулушу, димедиус жана морфология окуу комплекси 2 кабаттуу эки окуу имаратынын курулушу жана ОшМУнун жогорку билим берʏʏ программалар мектебинин 5 кабаттуу окуу имаратынын курулушу аяктады. Ал эми учурда курулуп жаткан окуу имараттары, “Билим” лицейинин 3 кабаттуу окуу имаратынын курулушу, финансы-юридикалык колледжинин спорттук комплекси, медициналык клиникасына кошумча курулушу жана медициналык клиникасына операциялык, жандандыруу жана хирургия бɵлʏмдɵрʏн жасоо иштери башталды.
Мындан сырткары, быйылкы жылдын иш планына кирген курулуш иштери, искусство факультети ʏчʏн кошумча окуу бɵлмɵлɵрʏн куруу, медициналык колледждин 2 кабаттуу жеңил конструкциядан китепкана жана окуу залы, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги университеттин КАМПУСуна ТЕХНОПАРК жана автоунаа жолу, велосипед жолу, медициналык факультеттери ʏчʏн беш кабаттуу окуу корпус китепканасы менен, №1, №2, №3 жатаканаларынын аймагына жабык типтеги спорт комплекси, табият таануу жана география факультетинин аймагына тɵрт кабаттуу окуу имараты, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги ОшМУнун эс алуу жайын реконструкциялоо жана ОшМУнун Ысык-Кɵлдɵгʏ «ʏмʏт» пансионатына коттедждерди куруу иш-планга киргизилди.
Андан сырткары заман талабына шайкеш адистерди даярдоону максат кылган IT академия, Киноакадемиялар адистерди даярдоодо, билим берʏʏнʏн сапатын кɵтɵрʏʏ жана абитуриенттердин контингентин ɵстʏрʏʏ ʏчʏн Ош шаарында, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат райондорунда ОшМУнун мектеп-гимназиялары ачылып иштей баштады. Бул долбоорлордун максаты - Кыргыз мектептеринин заманбап моделин тʏзʏʏ деп тандалып алынган.
-Агай, баарыбызга белгилʏʏ, акыркы ʏч жылда ɵлкɵдɵ санариптештирʏʏ жʏрʏʏдɵ. Бардык кызмат кɵрсɵтʏʏнʏэлектрондоштурууну кɵздɵп жатабыз. Бул багытта да ОшМУ артта калбаса керек?
- ОшМУ алгачкылардан болуп 2011-жылы санариптик технологиялардын жардамында автоматташтырылган окутуу жана башкаруу системасын ишке киргизген. AVN информациялык системасына жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵр киргизилип, электрондук базанын негизин тʏзʏп жатат. Эске сактоо кɵлɵмʏ 148 терабайт болгон ДАТА-борбор курулуп, бардык маалыматтар булуттук технология аркылуу башкарылып жатат. Натыйжада студенттер билимине жараша реалдуу бааларын алууга шарт тʏзʏлдʏ. Пандемия кырдаалы аралыктан окутууну, санарип университет платформасын ишке ашырууну тездетти. ОшМУ бул учурда жалпы республикалык тестке даярдыкты текшерʏʏчʏ, абитуриенттерди онлайн кабыл алууда, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында видеоконференцияларды уюштуруу ʏчʏн, электрондук сурамжылоо жʏргʏзʏʏ ʏчʏн атайын сайттар иштелип чыкты. ОшМУ DATA -борборунда иштеп жаткан почталык серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун ɵздʏк электрондук дареги тʏзʏлдʏ. Учурдун талаптарына ылайык, ар бир окутуучунун (кызматкердин) *@ oshsu . kg корпоративдик электрондук дареги аркылуу университеттин расмий кызматкери катары башка тараптар менен кат алмашуусу камсыздалды. “Бирдиктʏʏ терезе” долбоору иштеп, документ алууда ашыкча убакыт коротпой, бюрократиялык иш-аракеттер жоюлду. Мындан сырткары финансылык иштерди санариптештирʏʏдɵ Баланс kg , MegaPay жана О деньги электрондук капчыктар аркылуу бардык тɵлɵмдɵрдʏ ɵлкɵнʏн бʏткʏл аймагынан тɵлɵɵгɵ мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлдʏ. Андан сырткары окуу жайда документтерди бирдиктʏʏ сактоо, маалыматтык коопсуздук саясатын камсыздоо, иштелип жаткан документтердин кɵлɵмʏн аныктоо жана аналитикалык маалыматтарды берʏʏнʏ шарттаган ички электрондук документ айлантууну жʏргʏзгɵн Edoc программасы учурда мыкты жыйынтык берип, иштеп жатат. Антиплагиат системасы студенттердин изилдɵɵ ишин бакалаврдык, дипломдук иш жана курстук иштерин плагиатка текшерʏʏдɵ. ОшМУда системалуу жумуштардын аткарылышын камсыздоо, санариптик чɵйрɵнʏ жакшыртуу максатында “Электрондук табель”, “Онлайн тест системасы”, “Электрондук ɵздʏк баракча”, “Электрондук архив” программалары иштелип чыгып, бʏгʏнкʏ кʏндɵ кʏнʏмдʏк университеттин турмушунда колдонулуп жатат.
-Маегиңиз ʏчʏн чоң рахмат, агай. Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.